Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Ооганстан АКШнын дагы аскер жиберүүсүн каалайт


Ооган күчтөрү менен талиптердин ортосунда чыккан атышуу, 1-март 2017-жыл.
Ооган күчтөрү менен талиптердин ортосунда чыккан атышуу, 1-март 2017-жыл.

Ооган бийлиги талиптердин жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мизин кайтаруу үчүн Американын көбүрөөк аскер жөнөтүүсүн каалайт. Бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани билдирди.

Жакында АКШнын Ооганстан боюнча командири Жон Николсон согуштан жабыркаган бул өлкөдөгү туңгуюктан чыгуу үчүн Америка бийлигин көбүрөөк күч жөнөтүүгө үндөгөн. Анын бул чакырыгын Ооганстандын башкы дипломаты да кубаттады.

16 жыл боюнча кармаш токтобой келген Ооганстанда 8400дөй АКШ аскерлери бар. НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткенден бери ооган армиясы туруктуулукту толук камсыз кыла албайт келет.

XS
SM
MD
LG