Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Силикон өрөөнүндө дрондорду кармаган жабдык жасалды


Америкадагы Силикон өрөөнүндө дрон-полицей жасалды. “Эйрспейс Систем” компаниясы кайсы бир аймакка уруксатсыз кирип кеткен дрондорду кармай турган жаңы дронду иштеп чыкты.

Бул жабдык кадыресе дрондордон бир аз чоңураак. Ал багытын өз алдынча белгилеп, дрондордун кыймылын так аныктай алат. Ыңгайлуу учурда тор ыргытып, дрондорду кармайт.

Аскердик имараттар, аэропорттор жана жашыруун жайлардын коопсуздугун камсыз кылган фирмалар дрондордон коргонуу жолдорун издеп келишет. Дрон-полицейлер ийгиликтүү сыноодон өтсө, купуялуулукка шек келтирип, уруксатсыз байкоого алган же видео тартып жаткан дрондорду мурдагыдай атып түшүрүүгө муктаждык калбай калат.

Калифорниядагы Силикон өрөөнүндө кеминде 70 компания дрондорго каршы жабдыктарды жасоо менен алектенип жатат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG