Лондондо парламент имаратынын жанында ок атылды. Вестминстер көпүрөсүндөгү кол салуудан бир нече адам жараат алганы кабарланууда.
Парламенттин Өкүлдөр палатасында жарыялангандай кол салган адамды полиция атып өлтүрдү. Би-би-си телеканалы кеп эки башка окуя жөнүндө болуп жатканын, алардын биринде бир полиция кызматкери бычакталганын билдирди.
Полициянын өтүнүчү менен Вестминстер метро станциясы убактылуу жабылды. Окуянын чоо-жайы аныкталгыча парламент имаратына кирип- чыгуу токтотулду.