Өзгөндөгү жер көчкү алдында калган үйдүн ичинде алты адам болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 26-мартта эртең мененки саат 07:00 чамасында Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү түшүп, бир үйдү басып калган. Анын ичинде бир үй-бүлө, жубайлар төрт баласы менен болгон деген божомол бар.
Кырсык болгон жерге ӨКМ адистери, жергиликтүү жетекчилер жөнөп кетишти.