Кремль жекшемби күнү Орусиянын жүздөй шаарында өткөн жүрүштөрдү сынга алды. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков митингдер мыйзамсыз болгонун, анын уюштуруучулары элди мыйзамга каршы аракеттерге үндөгөнүн 27-мартта айтты.
Ал уюштуруучулар өспүрүмдөрдү акчага кызыктырып акцияга чакырганын, өкмөт бул маселени иликтей баштаганын кошумчалады.
26-мартта коррупцияга каршы жүрүш маалында оппозициячыл активист Алексей Навальный баштаган жүздөгөн демонстранттар кармалган. АКШ менен Евробиримдик бул камоолор демократиялык баалуулуктарга каршы келет деп, бийликтин аракеттерин айыптаган.