Райондогу Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы кооптуу аймакта жашаган 34 үй-бүлө 25 чатырга көчүрүлдү. ӨКМден кабарлагандай, жашоочуларга айылдагы орто мектептин стадионуна куткаруучулар тарабынан чатырлар тигилди. Мындан башка 1-май айылына беш чатыр жөнөтүлүп, кооптуу аймакта жайгашкан беш турак жайдын жашоочулары жайгаштырылды.
Бүгүн таңкы саат алтыда Ош шаарындагы ӨКМдин бириккен кампасынан 20 даана гигиеналык каражаттар гумжардам катары Ничке-Сай айылына жөнөтүлдү.
26-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү жүрүп, бир турак-жайды алты адам менен кошо басып калган.
Кооптуу абал жаралгандыктан кечээ издөө жана куткаруу иштери жер кургаганга чейин убактылуу токтотулган. (SDz)