Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Кар көчкүдө калгандар Транспорт министрлигинин кызматкерлери болгон


28-мартка караган түнү Бишкек-Ош каттамынын 255-чакырымында кар көчкү алдында калган "Тойота Пикап" машинесинин ичинен төрт адам Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери болгон. Каза болгондор Анарбек Момуналиев, Нурбек Орунбеков, Султангазы Жапаркулов жана Акчабай уулу Курсант экени анык болду.

Министрликтен кабарлагандай, каза болгондордун бардыгы министрликке караштуу №23 жол оңдоо ишканасынын кызматкерлери болгон.

Окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Транспорт жана жолдор министрлигинин курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, материалдык жардам берүүнү тапшырды. Мындан башка министр Жамшитбек Калилов жана кызматкерлер да каза болгон жолчулардын туугандарына көңүл айтышууда.

28-мартка караган түнү Бишкек-Ош каттамынын 255-чакырымында кар көчкү алдында калган "Тойота Пикап" машинесинин ичинен төрт адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле "Лексус" жана “Субару-легаси” үлгүсүндөгү машинелердин ичинен алты киши аман куткарылганын ӨКМ кабарлаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG