Улуттар уюмунда 100дөн ашуун өлкө өзөктүк куралга глобалдык тыюу салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Бирок дүйнөнүн өзөктүк куралы бар ири мамлекеттери, анын ичинде Кошмо Штаттар, Орусия, Кытай, БУУдагы жыйынга катышпай, бойкоттошууда.
Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Никки Хейли буларды айтты:
- Мен үчүн эне жана аял катары өзөктүк куралсыз дүйнөдөн баалуу эч нерсе жок. Биз баарыбыз реалист болушубуз керек. Түндүк Корея Улуттар Уюмунун буйругу менен өзөктүк куралдан баш тартат дегенге кимдир бирөө ишенеби?
Расмий Вашингтондун пикиринде, өзөктүк куралга дароо эле глобалдык тыюу салуу турмушка ашпай турган чара, андыктан эл аралык коомчулук бул маселеге баскыч-баскыч менен барып, натыйжалуу системаны иштеп чыгуусу керек.
Өзөктүк куралга тыюу салуу демилгесин талкуулоого БУУга мүчө өлкөлөрдүн 123ү катышууда. Ошондой эле бул демилгени колдогондордун арасында Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш, Рим Папасы Франциск жана ондогон гуманитардык уюмдар бар.