Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Грузиялыктар ЕБнын бир катар өлкөсүнө визасыз каттай алышат


28-марттан тарта Грузиялыктар Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүңнө визасыз каттай алышат.
28-марттан тарта Грузиялыктар Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүңнө визасыз каттай алышат.

28-марттан тарта биометрикалык паспорттору бар Грузиянын жарандары Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүнө визасыз каттай алышат.

2008-жылы болгон Орусия менен кыска согуштан кийин Евробиримдикке ыктаган Грузия мындай уруксатты көптөн бери күтүп келген.

Еврокомиссия 2015-жылдын декабрь айында грузиялыктар үчүн визалык чектөөлөрдүн алынышын сунуштаганы менен, биримдикке мүчө өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр оңой чечилген эмес. Процестти Европарламент менен Еврокеңештин орутосундагы сүйлөшүүлөр да жайлатты.

Грузия менен визасыз каттамды либералдаштыруу боюнча макулдашуу Британия менен Ирландиядан башка Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөргө жайылат. Ошентсе да грузиялыктар азырынча Норвегия, Исландия, Лихтенштейн жана Швейцарияга бир гана виза менен кире алышат.

Бул күндү грузиялыктар шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Эки күндөн бери Тбилисинин көчөлөрүндө ыр-күүлөр жаңырып, театралдашкан көрсөтмөлөр коюлуп жатат.

XS
SM
MD
LG