Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:19

Орусияда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары сабалды


Краснодарда сабалган “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун кабарчылары.

Орусиянын түштүгүндө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун эки кабарчысын беткапчан белгисиз адамдар уруп-тоноп кетишти.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын кабарчысы Сергей Хаззов-Кассия менен оператор Андрей Костяновго Краснодар аймагынын Кропоткин шаарында 28-март күнү эртең менен мейманканадан чыгып баратышканда кол салышкан.

Кол салгандар кабарчылардын ноутбугун, телевизиондук аппаратурасын, жеке буюмдарын алып качып кетишкен.

Журналисттер бул аймакка дыйкандардын пландалган нааразылык акциясын чагылдыруу үчүн барышкан.

Хазов-Кассия өзүнүн Фейсбуктагы жазган билдирүүсүнө караганда, кол салаардан бир аз мурда полиция келип алардын мейманканада экенин билип кеткен.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент кол салууну кескин айыптап, жергиликтүү бийликтен ачык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG