Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Футбол: Кыргызстан Макаону утуп алды

2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы макаолук атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюн 28-мартта кечинде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү. Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз голду 71-мүнөттө коргоочу Азамат Байматов киргизди.

2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы макаолук атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюн 28-мартта кечинде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү. Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз голду 71-мүнөттө коргоочу Азамат Байматов киргизди. Аталган эки команданын жооптук беттеши 14-ноябрда Макаодо өтөт.

Өз тарыхында Кыргызстандын оюнчулары Макао футболчуларына бир да жолу утула элек. Буга чейин алар эки жолу беттешкен.

2006-жылы 4-апрелде АФКнын чакырык кубогунун финалдык баскычынын тайпалык мелдешинде 1:0 эсебинде кыргыз футболчулары алдыда келе жатканда катуу жааган жамгырдан улам беттеш токтотулган. Кийин 7-апрелде улантылган оюнда 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасы жеңишке жеткен.

2013-жылы 17-мартта АФК президентинин кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан - Макао командалары Бишкекте таймашып, ал оюнда талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишти камсыздаган.

ФИФАнын март айында жарыяланган рейтингинде Кыргызстан 125, Макао 184-катарда.

Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөрөй талашат.

28-мартында башталган бул мелдештер 2018-жылдын 27-мартына чейин уланат. Ар бир команда жалпысынан алты оюн ойнойт. Алардын үчөө Бишкекте болот: Кийинки беттешин кыргыз футболчулары 13-июнда Индия командасы менен конокто өткөрөт.

Оюндардын жадыбалы:

1-тур, 28-март

Кыргызстан - Макао 1:0

Мьянма - Индия 0:1

2-тур, 13-июнь

Макао - Мьянма

Индия - Кыргызстан

3-тур, 5-сентябрь

Макао - Индия

Кыргызстан - Мьянма

4-тур, 10-октябрь

Индия - Макао

Мьянма - Кыргызстан

5-тур, 14-ноябрь

Макао - Кыргызстан

Индия - Мьянма

6-тур, 27-март 2018-ж.

Кыргызстан - Индия

Мьянма - Макао.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG