Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

БУУ: Мосулдун батышында бир ай ичинде 300дөй жай тургун өлдү


17-мартта жасалган аба соккудан Мосулда 150дөй жайкын тургун мүрт кеткен.
17-мартта жасалган аба соккудан Мосулда 150дөй жайкын тургун мүрт кеткен.

Мосул шаарынын батыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” террордук уюмунан тазалоо операциясы башталган бир айдан бери 300дөн ашуун жайкын тургун мүрт кетти. Бул тууралуу Улуттар Уюму 28-мартта билдирди.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Ирактын коопсуздук күчтөрүн жана алардын өнөктөштөрүн экстремисттердин калк жыш жайгашкан райондордогу тузактарына түшпөөгө чакырды.

- Бул душман жайкын тургундарды өз максаттарына жетүү үчүн ырайымсыз колдонуп, аларды коркунучка кептеп жатканы тууралуу бир тынчсызданып койбойт, - деди Хусейн.

Ирактын бийлиги жана АКШнын Коргоо министрлиги 17-мартта жасалган коалициянын аба соккусунан жүздөн ашык адамдын мерт болгону тууралуу маалыматты иликтеп жатышат.

2014-жылы Мосул шаарын басып алган “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы согушуп жаткан Ирак күчтөрүнө АКШ башында турган коалиция абадан көмөк көрсөтүп келет.

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, өткөн айда 200 миңдей жайкын тургун калаанын батыш бөлүгүнөн үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Ал эми “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму көзөмөлдөгөн аймакта 600 миңдей адам кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG