2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы макаолук атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюн 28-мартта кечинде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү. Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз голду 71-мүнөттө коргоочу Азамат Байматов киргизди.
Аталган эки команданын жооптук беттеши 14-ноябрда Макаодо өтөт.
Өз тарыхында Кыргызстандын оюнчулары Макао футболчуларына бир да жолу утула элек. Буга чейин алар эки жолу беттешкен.
2006-жылы 4-апрелде АФКнын чакырык кубогунда 2:0, 2013-жылы 17-мартта АФК президентинин кубогунун тандоо оюндарында 1:0 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишти камсыздаган.
ФИФАнын март айында жарыяланган рейтингинде Кыргызстан 125, Макао 184-катарда.
Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөрөй талашат.
28-мартында башталган бул мелдештер 2018-жылдын 27-мартына чейин уланат. Ар бир команда жалпысынан алты оюн ойнойт. Алардын үчөө Бишкекте болот. Кийинки беттешин кыргыз футболчулары 13-июнда Индия командасы менен конокто өткөрөт. (ECh)