Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:02

Путин менен Роухани Москвада жолугушту


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын лидери Хасан Роухани.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын лидери Хасан Роухани Москвада кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

28-мартта өлкө башчылары Сириядагы жаңжалын жайгарууда эки өлкөнүн ролун жогору баалап, Иран, Орусия, Түркиянын демилгеси менен Астанада өтүп жаткан Сирия өкмөтү менен байистүү оппозиция ортосундагы сүйлөшүүлөргө канааттануусун билдиришти.

Сирия оппозициясы ушул айдын башында Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын бойкоттоп, катышуудан баш тарткан.

Путин менен Роухани ошондой эле Бушердеги атомдук электростанциянын үчүнчү жана экинчи блокторунун курулушун талкуулашты. Андан тышкары эки президент саясий, террордук жана аскерий тармактагы айрым максаттарга жетүү үчүн маалыматтык жана коммуникация технологиялары колдонулуп жатканына тынчсыздануу билдиришти.

Бул Роуханинин Ирандагы 19-майга белгиленген президенттик шайлоого чейин чет өлкөгө жасаган акыркы сапары болуп калды. Ирандын "ИРНА" мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, Роухани менен Путин буга чейин кеминде сегиз жолу жолуккан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG