Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Акыйкатчы митингдеги башаламандыкты иликтөөнү талап кылды


Акыйкатчы Кубат Оторбаев 25-марттагы митингдеги башаламандыктарды кылдат иликтөөнү Башкы прокуратурадан талап кылууда.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Оторбаев 27-мартта Бишкек шаардык ИИБнын тергөө абагына барган. 60 адамга ылайыкташкан абакта 40 киши кармалып турганы белгилүү болгон. Акыйкатчы кармалгандардын баары менен сүйлөшүп чыкканда, алардын бири чукул медициналык жардамга муктаж экени белгилүү болуп, тез жардам чакырылып, ооруканага жаткырылган. Митинг учурунда жараат алгандар арыз жазып беришкен. Анын негизинде акыйкатчы окуяларды иликтөөнү талап кылды.

25-мартта парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 12 адамды Свердлов райондук соту эки айга №1 тергөө абагына камаган. Алардын арасында Жапаровдун баласы, агасы жана башка туугандары бар. Алардын бардыгына "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Мындан тышкары митингге катышкан 64 кишиге административдик айып салынып, эки суткадан беш суткага чейин камакка алынганын ИИМ маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG