Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:46

Өзбекстанда бала бакчаларда текшерүү жүрүп, педагогикалык билими жок кызматкерлер жумуштан бошотулууда. Өлкөнүн Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, текшерүү маалында тарбиячылардын окутуу, тарбия берүү ыкмасына көңүл бурулуп жатат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги текшерүү Сурхандарыя облусунда чыккан жаңжалдан кийин жүргүзүлдү.

Ал тапта тарбиячылар арасында "көп жылдык иш тажрыйбалар эске алынбай, педагогикалык билим жок деген жүйө менен иштен алындык" деген нааразылык чыкты.

Буга чейин Сурхандарыя облусундагы бала бакчалардын биринде тартылган делген видео интернетке тарап кеткен. Анда тарбиячылар балдарды бычак менен коркутуп, кол көтөрүп, түнкүсүн имаратта жаман жоруктар жасалганы көрсөтүлгөн. Мындан соң облустагы 290 бала-бакчада текшерүү жүрүп, 23үндө интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени аныкталган.

XS
SM
MD
LG