Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:28

БШК 19 жергиликтүү кеңеште кайрадан шайлоо өткөрүү сунушун берди


Борбордук шайлоо комиссиясы 19 жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү сунушун президент Алмазбек Атамбаевге жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

- Биз эки кесепеттен улам президентке кайрадан шайлоо өткөрүү сунушун бердик. Булар өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын биринчиден кворум болбой калды деп шайлай албай коюшту. Экинчиден, көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү добуш ала алган жок.

Кайрадан шайлоо өткөрүүгө сунушталган аймактардын арасында Айдаркен, Кадамжай, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарлары жана 14 айылдык кеңеш бар.

Абдыжапар Бекматов кошумчалагандай, аталган аймактарда шайлоо 28-майда өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бирге өткөрүү аракети көрүлмөкчү.

27-мартта президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 28-майында мөөнөтү аяктай турган 18 айылдык жана эки шаардык кеңеште жергиликтүү депутаттарды шайлоо өткөрүү буйругуна кол койгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG