Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

“Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын башчысы кармалды


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жумашевге кылмыш ишин козгоду.

Жумашев Кылмыш кодексинин 221-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”) боюнча айыпталууда.

Маалыматта айтылгандай, “Кыргызнефтегаздын” жооптуу адамдары 2014-жылы Орусиянын “Спецсервис” компаниясы менен техникаларды алып келүү боюнча мыйзамга каршы келишим түзгөн. Ошол эле учурда техникалар “Кыргызнефтегазга” келбесе да, ири суммадагы каражат Орусиянын компаниясына которулуп кеткен.

Буга чейин Башкы прокуратура “Кыргызнефтегаз” жана “Спецсервис” ишканаларынын жооптуу жетекчилерине “алдамчылык” жана “расмий документтерди жасоо” боюнча кылмыш ишин козгогон. (SDz)

XS
SM
MD
LG