Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Мародерчулук боюнча депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады


Анвар Артыков
Анвар Артыков

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков билдирди. Ал парламенттин жакынкы жыйындарында комиссиянын корунтундусу чыгарыларын билдирди:

- Биринчи изилденген материалдардын негизинде мародерчулук болгон бир топ фактылар аныкталды. Ошондой эле мародерчулук боюнча эмне үчүн буга чейин ачылган иштер кайра жабылып калганына көбүрөөк көңүл бурдук.

Мародерчулук боюнча депутаттык комиссия өткөн жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Бул аралыкка чейин комиссиянын ишин парламент узартып берген.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлери бүгүн мародерчулук боюнча ишти бийликтин оппозицияны куугунтуктоо үчүн ойлоп тапканы деп сыпаттады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти 16-марттан тарта иликтей баштады. (SDz)

XS
SM
MD
LG