Бишкек милициясы борбордогу дарыкананын бирин тоногон адамды кармады. Шектүү адам 10-мартта Москва көчөсүндөгү дарыканалардын бирине курал менен кирип, 64 миң сомду алып кеткен.
Ушул өңдүү факт 26-мартта да катталып, куралдуу адам дарыканадан 5 миң сом жана фармацевттин телефонун алып кеткен. Аталган факты боюнча милиция “тоноо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, издөө чараларынын натыйжасында 1999-жылы туулган Т. Т. аттуу шектүү адам кармалды.
Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, дарыканаларды тоноого тиешеси бар делген адамды кармоо учуруда кошумча кийим-кечек жана буюмдар табылган. Учурда шектүүгө катышы бар башка адамдар издөөгө алынып, тергөө иштери жүрүүдө. (SDz)