Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Тынч жыйынга чыгуу укугу жана сөз эркиндиги талкууланат 


Бишкекте бүгүн, 30-мартта боло турган талкууну Акыйкатчы институту уюштурууда. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чарага президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, эксперттер чакырылган.

Буга чейин Бишкекте сөз эркиндигин коргоо жүрүшү жана парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучуларынын кармалып, камалышы элдик жыйындарга чыгуу укугу бузулуп жатат деген сындарды шарттады.

Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барганын айтып келет.

17-мартта Бишкектин Ленин райондук соту "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун "саясий репрессия жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүүлөр токтотулсун" деген талап менен Коомдук каналдын алдында акция өткөрүүгө тыюу салган. Активисттер буга макул болбой "Тынч жыйындар жөнүндөгү" мыйзамды сактоо талабы менен жогорку инстанцияга кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG