Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Иванка Трамп атасына кеңешчи болду


АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп президенттин атайын кеңешчиси кызматын ээледи. Өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматтар үчүн каралган этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болору Ак үйдүн билдирүүсүндө белгиленген.

Бул билдирүү сенатор-демократтар президенттин кызынын ишине байланыштуу тынчсыздануу менен Федералдык этика башкармалыгына жолдонгон катты жарыялагандан бир нече сааттан кийин чыкты.

Сенаторлор президенттин кызынын ишкердик кесиби жана кеңешчи болуусу этикалык эрежеге жатабы деген суроо салышкан.

Иванка Трамп атасынын администрациясында расмий кызматты мындай сындарга жооп иретинде ыктыярдуу түрдө аркалоону чечкенин жарыялады. Иши үчүн ал маяна албай турганы айтылды.

XS
SM
MD
LG