Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндүктөн кечки саат бешке чейин жол жабылды.
Министрлик атайын кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жатканын кошумчалайт.
Бүгүн эртең менен Нарын облустук патрулдук милиция башкармалыгы "Азаттык" радиосуна Бишкек-Нарын-Торугарт жолу кар көчкүдөн тазаланып, машинелердин каттамы жанданганын маалымдаган.
Аталган автоунаа жолунун Кызыл-Үңкүр участкасында 29-мартта 22 миң куб метр кар көчкү атып түшүрүлгөн. Кырдаалга байланыштуу куткаруучулар айдоочулардан сапарга чыкпай турууну суранууда. (SDz)