Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:14

ИИМ митингде жарандык формачан кызматкерлери жүргөнүн ырастады


C. Жапаровдун тарапкерлеринин митинги (25-март, 2017-жыл)

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков, 25-марттагы митингде милиция кызматкерлери жарандык кийимчен эл арасында жүргөнүн ачык айтты.

Бишкекте өтүп жаткан “сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” аталышындагы тегерек үстөлдө Рысбеков, бул ыкма митингди башаламандыкка айлантпоо үчүн ар дайым колдонулуп келгенин кошумчалады.

- Жарандардын укугун коргоо деген темада бизде ар дайым сабактар өтүлөт. Өзүнүздөр билгендей, атайын кайтаруудагы объектке келип түртүшүп, ар кандай бөтөлкөлөрдү ыргытып жатса, милиция ал жерде жөн турбайт да. Ушундай башаламандыктан республика жарылып кетиши ыктымал. Андыктан ыктыярчылар менен чогуу милиция кызматкерлерин дагы эл арасына киргизгенбиз. Милиция кызматкерлери да сиздердин балдарыңыздар ошону унутпаңыздар.

25-мартта Садыр Жапаровду атайын кызмат кармап кеткенине байланыштуу тарапкерлери УКМК имаратынын алдында нааразычылык акциясын уланткан.

Бүгүнкү жыйында милиция митинг учурунда 103 адамды кармап кеткенин, анын ичинен 79 адам административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирди. 65 адам эки суткадан беш күнгө чейин камакка алынган. 14 киши айып пул төлөөгө милденттендирилген. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG