Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Казакстан чек арада веткөзөмөлдү качан аларын айтты


Эл аралык эпизоотиялык бюро Казакстандагы шарп ылаңы боюнча абалды иликтөөгө алып, 14 облустун ичинен тогузу гана коопсуз деп таанылды. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитов билдиргендей, калган беш облуста быйыл оң чечим чыгат деген ишеним бар.

“Менин билишимче эл аралык эпизоотиялык бюронун эксперттери бул жылы Кыргызстанга да келишет. Эгерде Кыргызстанда эпизоотиялык абал “жакшы” деп таанылса, Казакстан чек арада ветеринардык көзөмөлдү жоюуга барат”, – деди элчи Бозжигитов.

Бирок эксперттердин жыйынтыгынан тышкары Кыргызстандын ветеринардык товарында сөзсүз экспорттук сертификат болушу керек. Тийиштүү документ болсо, бир гана Казакстан эмес, бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарды алып чыгууга жол ачыларын казак элчиси кошумчалап өттү.

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон. Уюмдун талабына ылайык чек арада санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жоюлушу кажет. Бирок Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын татаалдыгына байланыштуу Казакстан чек арага ветеринардык көзөмөлдү орноткон. (SDz)

XS
SM
MD
LG