Кыргызстандык туроператорлор Германиянын борборунда жыл сайын өткөрүлүүчү ITB Berlin көргөзмөсүнө катышып келди. Көргөзмөдө коноктор кыргыз боз үйү жана көчмөн маданияты менен таанышты.
Туризмди өнүктүрүү боюнча “Каракол Дестинациясы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Рахат Жамалова көргөзмөгө 10 миңден ашык адам катышканын билдирип, туризм жаатындагы ишкерлер менен жолугушуулар болгонун белгиледи.
Көрсөтмө учурунда кыргызстандык туроператорлор 1200дөн ашуун өнөктөштөр менен байланыш түзүп, европалык туроператорлор менен 31 келишим түзгөнгө жетишти.
Кыргызстандык туроператорлордун Германияга барышына USAID уюму көмөктөшкөн. Аталган эл аралык уюма өткөн жылы кыргыз өкүлчүлүктөрүн Мадрид, Стамбул, Лондон шаарларында өткөн көргөзмөлөргө катышуусун каржылаган. (SDz)