Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:19

Жалал-Абад шаардык кеңеши өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды


Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары бүгүнкү сессияда мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды. Бул демилгени 23 депутат колдоп берди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 39-беренесине ылайык, депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу менен өзүн-өзү таратса болот.
Шаардык кеңештин бул чечими эми БШКга жөнөтүлөт.

Кечээ 29-мартта шаардык кеңештеги беш фракциянын өкүлдөрү жабык эшик артында сүйлөшүп, мөөнөтүнөн мурда тароо чечимине келишкен. Сунушту "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" фракциялары демилгелеген. Бирок бүгүнкү жыйынга "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары катышкан жок.

Аталган шаардык кеңеште буга чейин КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика - Ата-Журт" фракцияларынан коалиция түзүлгөн. Ал эми "Ата-Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозицияда калган.

Алгачкы сессия 16-февралда өткөнүнө карабай, депутаттар жыйындарга чогулган эмес. (RsK)

XS
SM
MD
LG