Бишкектеги №78 орто мектептин мугалими 1-класстын окуучусуна кол көтөргөнү үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабар таратты.
Маалыматта айтылгандай, өткөн жылдын 13-декабрында окуучунун ата-энесинен арыз түшүп, анда баласын башка класска которуу жана тарбиячыга чара көрүү өтүнүчү берилген.
Арызга байланыштуу омбудсмендин жана шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектепте жолугушуу өттү.
Окуя боюнча директор жана окуу бөлүмүнүн башчысынан түшүнүк кат алынып, окуучуга кол көтөргөн мугалим А. Жумалиева кызматтан алынган. Мектеп жетекчилигине мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр-чатакка жол бербөө үчүн жаш педагогдор менен тыгыз иштешүү сунушталды. (SDz)