Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Премьер-министр Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жээгин бекемдөө иштери менен таанышты.

ӨКМ министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун айтымында, жаан-чачын көп болгондуктан дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, оор кырдаал жаратууда.

Ал 2017-жылы Чу дарыясынын жээктерин бекемдөөгө 120 млн сомдун 55 миллиону бөлүнгөнүн, учурда жети объектте бекемдөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов дагы 11 кооптуу зоналар аныкталганын, азыркы тапта төртөөндө иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ӨКМдин ишин сынга алып, жээктерди бекемдөө боюнча оперативдүү иштердин жыйынтыгын көрбөй жатканын айтты.

Жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин тездетүү тапшырылды. Ал эми иштин өз убагында аякташын өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көзөмөлгө алмай болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG