Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кыргызстандык волейболчулар Азиянын аймактык чемпиону болду


Волейбол федерациясынын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, 30-марттагы финалдык оюнда кыргыз волейболчулары Түркмөнстандын командасын 3:1 эсебинде жеңип алышты.

Быйыл үчүнчү жолу өткөн волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугу (борбордук аймак) 22-мартта Мальдив аралдарында башталган. Ага төрт команда катышты. Күмүш байгени Түркмөнстан, коло байгени Непал курамасы алды. Ал эми Мальдив курамасы төртүнчү орунду ээледи.

Кыргыз волейболчулары мелдешке экинчи жолу катышты. Алар 2016-жылы декабрда Бангладештеги оюндардын финалында бангладештиктер менен таймашып, күмүш байге алган. Финалдын үчүнчү айлампасында оюнчу Нурмухаммед Токтоев жаракат алып, оюнду уланта албай калган. Кыргызстандан бул турнирге сегиз оюнчу гана барган. Финалдык оюнга чейин Кыргызстандын оюнчусу Талгат Чалмашбеков жаракат алып мелдештерден четтетилген. Алты оюнчусу гана калган кыргыз курамасына чемпиондуктун регламентине ылайык, техникалык утулуш жазылып, 2:0 эсебинде Бангладеш командасы жеңүүчү аталган эле. (ECh)

XS
SM
MD
LG