Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Словакия Орусиянын Sputnik агенттиги менен келишимди бузду


Словакиянын мамлекеттик TASR агенттиги келишимди бузуу жараяны башталганын, мындан ары өз журналисттери Sputnikтин материалдарын албай турганын кабарлады.

Келишим түзүлгөнү 29-мартта жарыяланган. Sputnik агенттиги бул аракет эки мамлекет ортосундагы маалымат алмашууну кеңейте турганын билдирген.

Орусияда 26-мартта өткөн антикоррупциялык митингдеги жапырт камоолордон кийин TASR агенттиги оюн өзгөрткөнүн, келишим түзүлгөнгө чейинки 30 күндүк акысыз маалымат алуу учурунда орусиялык булактын материалдарын колдонбогонун жарыялады.

Sputnik агенттигинин дарегине буга чейин бир нече жолу “жалган маалымат таратат жана Батыштагы саясий экстремизмди күчөтөт” деген сындар айтылып келген. Февралда НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску Би-би-сиге Sputnikтин максаты "элди ишендирүү эмес, адаштыруу" деп маек берген.

XS
SM
MD
LG