Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Казакстанда Эл аралык жаз фестивалы өтүүдө


Казакстандын Алматы шаарында 30-мартта он алтынчы эл аралык жаз фестивалы ачылды. 2-апрелге чейин улана турган иш-чарага Австрия, Венгрия, Германия, Израиль, Испания, Италия, Казакстан, Польша, Тажикстан жана Франциядан барган музыканттар катышууда.

Фестивалды Алматы бийлигинин жана ага катышкан өлкөлөрдүн консулдуктарынын колдоосу менен шаардагы Жаз мектеби уюштурган.

Концерттер Жамбыл атындагы мамлекеттик филармонияда өтүп жатат. Саамалыктын жүрүшүндө жазга кызыккан адамдарга мастер-класстар да өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG