Түштүк Кореяда бийликтен түшкөн президент Пак Кын Хе кармалды. Жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан улам кызматтан кеткен мурунку өлкө башчы Сеул сотунун чечими менен колго түшкөнү 31-мартта кабарланды. Соттук териштирүү дээрлик тогуз айга созулду.
Прокуратура Пак Кын Хени пара алуу үчүн кызмат абалын жана президент деген макамын ашкере пайдаланган деп айыптаган. Андан тышкары, мамлекеттик иштер боюнча жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгуусуна жол берген деп күнөөлөгөн.
Пак Кын Хе курбусу аралашкан коррупциялык жаңжалга кабылгандан кийин марттын башында бийликтен кеткен эле.