Пентагон "Ислам мамлекети" радикал тобу Ирактын Мосул шаарында жайкын тургундарды барымтада кармап турганын билдирди. Маалыматта жоочулар карапайым калкты эл аралык коалициянын аба соккуларынын курмандыгына айлантуу максатында кармап турганы айтылат.
Пентагондун басма сөз катчысы 30-мартта кабарлагандай, АКШ аскерлери жакында "Ислам мамлекети" радикал тобу адамдарды имараттарга камап, ошол имараттардан ок атып жатканы тууралуу тасманы жарыялашат.
Мурдараак Мосулдун батыш жагында жардыруулардан 240 жайкын тургун мерт кеткени маалымдалган.
22-март күнү да Мосулда жүздөн ашуун адамдын өлүмүнө алып келген жардыруулар болгон.
АКШ армиясынын штаб жетекчиси, генерал Марк Миллей Багдадда Ирактын коргоо министри Эфрон ал-Хияли менен жолугушкан учурда бул тууралуу төмөнкүчө пикирин билдирди:
- Аба соккулары иликтенип жатат. Бул жардыруулардын себебин азыр так айта албайбыз. Ошол күнү жана андан мурун да бул аймактарда коалиция күчтөрү абадан сокку урган. Бирок жайкын тургундар ошол соккудан кийин набыт кеткенби же жокпу билбейбиз. Балким, "Ислам мамлекети" тобу бул имаратты коалиция күчтөрүн айыптоо максатында атайын жардыргандыр.
"Мосул көз карашы" уюму жоочулар бир топ кишини үч турак-жайга мажбурлап камап, эки мина орнотуп, чатырга снайперлерди жайгаштырганын, кийин жарылуу болгонун, 130 адам өлгөнүн кабарлаган.
АКШ колдоп жаткан Ирак күчтөрү төрт айлык күрөштөн соң быйыл январда Мосулдун чыгышына көзөмөл орноткон. 19-февралдан тарта шаардын батыш жагын согушкерлерден тазалоо иштери башталган.