Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

AI: Өзбекстан өз ичинде да, сыртта да жарандарын көзөмөлдөйт


Өзбекстандын картасы
Өзбекстандын картасы

"Эл аралык мунапыс" уюму (Amnesty International) өзбек өкмөтү өз жарандарын өлкө ичинде да, сыртында да мыйзамсыз көзөмөлгө алууда деп сындады.

Уюмдун 31-марттагы баяндамасында Ташкент Европада жашап аткан өзбектер үчүн "коркунуч жана аныксыздык атмосферасын түзүүдө" деп белгилейт.

"Эл аралык мунапыстын" адам укуктары боюнча адиси Жошуа Франко бийлик такай укук коргоочулар, журналисттер жана саясий активисттердин өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайларды түзүп, же көзөмөл жүргүзүп турарын белгилейт. Мындан улам алардын айрымдары камалуудан, куугунтуктан коркуп, өз мекенинен чыгып кетишкен.

Ошол эле учурда өлкө сыртындагы өзбекстандык качкындар мекениндеги туугандарын тобокелге салбоо үчүн байланышуудан заарканып турары да кошумчаланат. Швецияда жашаган качкын журналист Өзбекстандын атайын кызматынын аңдуусунан улам Францияга өтө качууга мажбур болгону мисал келтирилет.

Эгемен Өзбекстанда президент Ислам Каримов темирдей бекем режим орнотконун укук коргоочулар айтып келишкен. Өткөн жылы анын көзү өткөн соң бийлик башына премьер-министр Шавкат Мирзиёев келген. Мирзиёев 30 миллион калктуу Өзбекстанда күч түзүмдөрү баштаган бир катар тармактарда реформа жүргүзөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG