Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск 31-мартта биримдиктин 27 мүчөсүнө Британия боюнча сунуштамасын жөнөттү.
Анын мазмунунда Британия 2019-жылы өз алдынча бөлүнүп кеткен соң гана Евробиримдик аны менен жаңы келишимдерди түзүүгө даяр экени көрсөтүлөт. Маселе Евробиримдиктин 29-апрелдеги саммитинде каралмай болууда.
29-мартта Британия премьер-министри Тереза Мэй биримдиктен чыгарын расмий билдирген катты Брюсселге жиберген.
Германия менен Франция адегенде чыгуу шарттарын Британиянын өзү менен талкуулап, ошондон кийин гана аны менен жаңы келишимдерди талкуулоо зарылдыгын белгилешүүдө. Лондон болсо бир учурда эки маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырууда.