Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

НАТО министрлеринин жолугушуусу башталды


Тиллерсон менен Столтенберг. Брюссель, 31-март, 2017-жыл
Тиллерсон менен Столтенберг. Брюссель, 31-март, 2017-жыл

31-мартта Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды.

Анын алдында альянстын башкатчысы Йенс Столтенберг "трансатлантикалык байланыш күчтүү болушу үчүн жүктү адилет бөлүштүрүүнү" жана "НАТОнун стабилдүүлүк жана терроризм менен күрөшүүдөгү аракетин жандандырууну" талкуулашарын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп талапкер кезинде НАТОну "эскирген" деп атап, анын мүчөлөрү ички дүң өнүмүнөн 2% уюмга бөлүшү керектигин айтып келген.

Жыйынга алгач катышып жаткан Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да ушул маселени көтөрөрү болжолдонууда. Мамкатчы аскерий өнөктөштөрү менен Орусиянын Украина чыгышындагы согушту токтотуу боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна жана Орусия агрессиясына каршы басымды күчөтүүнү талкуулары да күтүлөт.
Бул жыйын НАТОнун 25-майдагы Трамп дагы катыша турган саммитине даярдык катары каралууда.

XS
SM
MD
LG