Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

1-апрелде жамгыр жаайт


1-апрелде күндүз жана 2-4-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 2-апрелде жаан карга айланат. 3-4-апрелде айрым жерлерде катуу кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +8...+13;

Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +10...+15;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8 градус болот.

Бишкек шаарында 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын жылуулугу түнкүсүн +5…+7, күндүз +11…13 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG