Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү жыйынында Дача СУ айылындагы учак кырсыгынын кесепети жана компенсация төлөп берүү маселесин талкуулашты. Фракция мүчөлөрү 16-январдагы учак кырсыгынан кийин аба майдандын жанында турак жайлардын жайгашышы кооптуу экенин белгилеп, айылдагы 260 түтүндү башка жерге көчүрүү маселесин алып чыгышты.

Мындан башка депутаттар кырсыкта жабыркагандарга жардамдарды калыс бөлүштүрүп берүү тапшырмасын өкмөт мүчөлөрүнө берди.

Белгилүү болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 30-марттагы маалымат боюнча 100 млн 401 миң сомдун тегерегинде каражат келип түшкөн. Андан тышкары түркиялык "ACT Airlines" компаниясы учак кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгү катары 600 миң доллар которгон.

Фракция жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрү учурда топтолгон каражаттарды калыс бөлүштүрүү маселелери каралып жатканын айтышты. Өкмөттүк комиссиянын иликтөөсүнө ылайык, учак кырсыгынан Дача СУ айылында 19 турак жай жабыркаган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG