Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Жээнбеков: 7-апрелде адамдар жөн жерден жанын берген эмес


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

«Мамлекетибиздин эртеӊи үчүн эр-азаматтарыбыз канын да, жанын да аяган жок. Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар жигиттер атылган октон корккон эмес», – деди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков апрель окуясынын жети жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасында.

Ал 7-апрелдин жеңишин, элдин бийлигин сактап калуу оӊойго турбаганын, революциядан кийин да чыдамкайлык, чечкиндүүлүк менен күрөштү улантуу зарыл болгондугун эскертти. Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдан кийин да кыйын учурга туш болгонун, эскиче жашоону эңсеген реваншисттик күчтөр ар кандай аракеттерин жасап көргөнүн кошумчалады.

“Ошого карабастан, зор ийгиликтерди жараттык. Элибиздин мүдөөсүн, шейит кеткен баатырлардын тилегин ишке ашыруу боюнча сыймык менен айтылчу жетишкендиктер болду”, - деди ал.

Өкмөт башчысы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү максатында ири долбоорлор ишке ашырылып жатканына токтолду.

2010-жылдын 7-апрелинде элдик нааразылык экс-президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин алмашуусу менен аяктаган. Бул күнү Ак үй алдына нааразылыкка чыккандарга ок атылып, 80ден ашык киши каза болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG