Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Депутат Музаффар Исаковго айыбы угузулду


Музаффар Исаков
Музаффар Исаков

УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айып коюлду. Атайын комитет тараткан маалыматта депутатка тергөө тарабынан эч жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы каралды.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 13-февралда кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка караганда, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген. Ошондой эле тергөө маалында жарандар жер тилкелерин Исаков саткандыгын билдиришкен.

Депутаттын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал буга чейин козголгон иш депутат үчүн табышмак болгонун айтып, "2010-жылдагы факты боюнча прокуратура эмнеге буга чейин иш козгогон эмес?" деп айткан.

УКМК учурда депутаттын ишинин үстүнө тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады. (SDz)

XS
SM
MD
LG