Иран ислам эрежелерин сактабады деп беш бильярдчы аялга мелдештерге катышууга тыюу салды. Буга эмне себеп болгону так айтылган жок.
Бильярд жана боулинг федерациясы 30-мартта тараткан билдирүүдө "Кытайдагы мелдешке катышкан аялдар ислам принциптерин сактабаганы үчүн бир жыл бою бардык улуттук жана эл аралык беттештерден четтетилет" деп айтылат.
Ирандык аялдар эл аралык спорттук иш-чаралардын айрымдарына катышууга укуктуу. Бирок алар оюн учурунда хижабчан болушу шарт.
Хижаб кийүү, жок дегенде жоолук салынуу эрежесине спортчулар гана эмес, кызматтагылар, Иранга келген чет өлкөлүк аялдар да баш ийүүгө тийиш.
Февралда эле өлкөнүн шахмат курамасы 18 жаштагы Дорса Дерахшанини Гибралтардагы матчка жоолуксуз катышканы үчүн ички жана эл аралык мелдештерден четтеткен.