Муфтийдин орун басары Акимжан Эргешовдун журналисттерге билдиргени боюнча, мечиттин ачылышына президенттик аппараттан, өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин катышат.
Мечиттин ачылышынан кийин Равил Гайнутдиндин жана муфтийдин катышуусунда журналисттерге маалымат жыйыны уюштурулат.
Мечит ачылган соң, бешим намазы окулат.
"Махмуд ал-Кашгари" атындагы мечит Кыргызстандагы ири жана заманбап мечит деп айтылууда.(ZKo)