Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Европа өнүктүрүү банкы уран калдыктарын жоготууга көмөктөшөт


Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары айылга чукул Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.
Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары айылга чукул Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.

Мындай демилгесин Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы өкүлү Нил Маккейн Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолугушууда билдирди.

Маккейн 1993-жылдан бери ЕӨБ тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымат берип, банк мындан ары да кызматташууга даяр экенин айтты. Тагыраагы, Европа өнүктүрүү банкы өлкөдөгү уран кени чыгарылган жерлерди реабилитациялоого жана уран калдыктарын жок кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштерин каржылоого даяр.

Европа өнүктүрүү банкы Бишкек, Ош шаарларынын транспорт тармагын жакшыртууга, таштанды иштетүү, элди таза суу менен камсыздоо жана башка 154 долбоорду ишке ашырууга 693 млн евро бөлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG