Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Тажик прокуратурасы ЖККУ өлкөлөрүнө нааразы


Тажикстан Башкы прокуратурасынын өкүлү Шохин Талбакзода өлкөдө «террористтик» жана «экстремисттик» деп таанылган «Группа 24» жана «Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы» ЖККУга мүчө өлкөлөр тарабынан дагы деле «кара тизмеге» кирбегенине нааразычылык билдирди.

Талбакзода айрым эл аралык уюмдар менен Европа өлкөлөрү «Группа 24тү» жана Ислам кайра жаралуу партиясын тажик бийлигине оппозиция деп эсептеп, колдоо көргөзөт деген пикирде.

"Өлкөдө тыюу салынган Тажикстан кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири Интерполдун тизмесинде тез арада камалышы керек болгон адамдардын катарында. Бирок айрым европалык өлкөлөр аны камакка алуу ордуна, ага башкалка берип жатышат", - деди Шохин Талбакзода.

Интерпол Мухиддин Кабирини издей баштаганын өткөн жылдын сентябрында эле билдирген. Эл аралык полициянын расмий сайтында Кабиринин эки сүрөтү жана кыскача өмүр баяны жайгаштырылган. Ал «терроризмге, кылмыштуу топ түзүүгө жана алдамчылыкка» айыпталууда.

XS
SM
MD
LG