Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

Боб Дилан Нобель сыйлыгын алуу үчүн Стокгольмго келди


Америкалык акын жана музыкант, Нобель сыйлыгынын адабият боюнча былтыркы лауреаты Боб Диланга алтын медал жана диплом тапшырылат. Азырынча сыйлык тапшыруу салтанатынын орду жана убактысы ачык айтыла элек.

Швециянын падышалык академиясынын мүчөсү Сара Даниус өзүнүн блогунда жазгандай, эгер Боб Дилан кааласа, сыйлык тапшыруу аземине академиянын мүчөлөрү гана катышуусу мүмкүн.

75 жаштагы Боб Дилан да бул жолу сыйлык алуунун бир шарты болгон -лекциясын окубашы мүмкүн. Даниустун божомолунда акындын тасмага түшүрүлгөн лекциясы кийинчерээк жиберилүүсү ыктымал.

1-2-апрелде Стокгольмдо Диландын концерти болот.

Боб Дилан өткөн жылы 10-декабрда Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине катыша алган эмес.

XS
SM
MD
LG