Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Австрия сегиз мүнөттүк аба каттамын токтотту


Австриялык People's Viennaline аба компаниясы 14-апрелден тарта сегиз мүнөттүк эл аралык аба каттамын токтотот. "Немис толкуну" маалымдагандай, бул аба каттам Германия менен Швейцарияны туташтырып, узундугу 20 чакырым эле болчу. Жабылуунун себеби, суроо-талаптын аздыгы менен байланыштырылууда. Март айында аталган аба каттамынан эки миңден ашуун гана киши колдонгон. 

Швейцариянын "Санкт-Галлен" аэропортунан Германиянын "Фридрихсхафен" аба майданына чейинки каттам өткөн жылы ноябрда ачылган эле. Бул аралыкты автоунаа менен бир саатта жүрүүгө болот. 

 

XS
SM
MD
LG