Полиция офицери Мухаммад Билалдын айтымында, ишемби түнү Саргодха шаарына жакын батыш Пенджаб провинциясындагы айылда чиркөө кызматкери 20 кишини кыйнап өлтүрүп, төртөөнү жарадар кылган. Кол салуудан качып кутулгандардын үчөө аялдар, алардын абалы оор экени айтылууда.
Ал райондогу өкмөттүн өкүлү Лиакат Али Чатта адам өлтүрүүгө шектелип, Абдул Вахид аттуу диний кызматкер жана кылмышка көмөктөшкөн деп төрт жардамчысы кармалганы маалымдады. Кол салуудан аман калган күбө сыйынууга келгендерге ууланган тамак берип, андан соң союл, бычак менен ургулашканын полицияга айтып берген.
Саргодха полициясынын кызматкери Зеймер Хуссейн кандуу окуя тергелип жатканын билдирди.
“Окуя өткөн түнү саат 01:30дар чамасында болгон. Өлгөндөрдүн төртөө аялдар. Азыр толук маалымат жок. Иликтөө иштери жүрүп жатат” - деди полиция кызматкери Хуссейн.
Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектүү Вахидке психикалык жактан жабыркаган деген диагноз коюлууда.
Пакистандык Geo TV каналы чиркөөдө өлгөндөрдүн денеси жылаңач табылганын жана кыйноого кабылганын маалымдоодо.
Пенджаб провинциясындагы юстиция министри Рана Санаулла алдын ала иликтөөлөргө таянып, буга чейин дагы сыйынууга келгендер Вахид тарабынан кыйноого кабылганын айтты. Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алганы айтылууда. Кылмыш жөнүндө жарадар болгон төртөө качып чыгып полицияга кабарлашкан.