Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Жогорку Сот Чотоновдун баш коргоо чарасын карайт


Апелляциялык арызды бүгүн Жогорку Сот карай турганын Чотоновдун тарапкерлери "Азаттык" радиосуна билдиришти.

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарган. Анын жактоочулары райондук соттун чечимине нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 9-мартта шаардык сот мурдагы сот чечимин күчүндө калтырган.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов "Ата Мекен" партиясынын лидеринин ишине тиешеси бар деген негиз менен кармалып, эки айга камалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG