Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Сербиядагы президенттик шайлоодо Вучич алдыда


Экзитполдор көрсөткөндөй, учурдагы премьер-министр Александр Вучич жалпы добуштардын 55% алды. Экинчи орунда 16% менен юрист Саша Янкович, үчүнчү орунда 9% менен студент-пародист Лука Максимович келе жатат. Мындай маалыматты Ipsos Strategic агенттиги жарыялады. Ал эми Демократия жана эркин шайлоолор үчүн борбору Вучич добуштардын 58,5 пайызын алганын маалымдаган.

Республикалык шайлоо комиссиясы добуштардын 10% саналган учурда Вучич 59,79% добуш алганын кабарлады. Янковичке 13,18%, Максимовичке 8,35% добуш берилген.

Республикалык шайлоо комиссиясы билдиргендей, шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз өттү. Сербиядагы президенттик шайлоого 11 талапкер катышкан.

XS
SM
MD
LG